Кыргызстанда бир айда 1500дөн ашуун мас айдоочу кармалды

Ички иштер министрлиги мас абалда унаа башкарууга жаза күчөтүлгөндөн кийинки бир айда 1500дөн ашуун айдоочу аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-июндан тартып күчүнө кирген мыйзамдан кийин дагы мындай мыйзам бузуулар токтогон эмес. Бир ай ичинде кармалган айдоочуларга жалпы суммасы 126 млн сомдон ашуун айып пул салынган.

Жаңы талаптарга ылайык, мас абалда унаа башкарган айдоочулар 80 миң сом айып пул төлөп, эки жылга транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылат. Эгерде мындай абалда жол кырсыгы болуп, адам өлүмү катталса, айдоочу 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратылып, 12 жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратылышы мүмкүн.

ИИМ жол кырсыктарынын негизги себептеринин катарында мас абалда айдоо, каршы тилкеге чыгуу жана ылдамдыкты ашыруу экенин белгилейт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты