Кыргызстанда бензиндин баасы арзандашы мүмкүн

  • 2 года мурун

Кыргызстанда жакынкы айларда күйүүчү-майлоочу майдын баасы арзандайт. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, 2023-жылдын январынан тарта бензинге дүң баанын төмөндөө тенденциясы байкалуула, бул чекене баанын деңгээлине таасир этиши керек.

«Кийинки айда рыноктун негизги оюнчулары бааны 5-6 сомго чейин төмөндөтөрү күтүлүүдө», — деп маалымдады мекеме.

Агенттик өз компетенциясынын чегинде бааларды турукташтыруу жана күйүүчү-майлоочу майларга, дизель отунуна болгон баанын негизсиз жогорулашына жол бербөө боюнча бардык чараларды көрүп жатканын кошумчалады.

Кыргызстанда бензиндин баасы арзандашы мүмкүн
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты