Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү белгиленет

  • 2 недели мурун

Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-апрелде саат 11:00дө, Бишкек шаарындагы Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплексинин алдында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Мамлекеттик китеп палатасы, К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасы, USAID “Окуу керемет” долбоору, “Mercy Corps” программасы менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган “Китеп – жан дүйнөнүн майрамы” аттуу иш-чарасы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата өткөрүлөт.

Маалымат: Эл аралык китеп күнү катары да белгилүү болгон Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү ЮНЕСКОнун Генералдык Конференциясында 1995-жылы бекитилген жана жыл сайын 23-апрелде китепке, авторлорго, иллюстраторлорго жана окурмандарга урматт көрсөтүү максатында белгиленип келет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты