«Кыргызстанда аялдардын саясий укуктарын ишке ашыруу: чакырыктар жана сунуштар» аттуу тегерек стол уюштурулду

  • 2 года мурун

 9-декабрда Жогорку Кеңештин имаратында “Кыргызстанда аялдардын саясий укуктарын ишке ашыруу: чакырыктар жана сунуштар” темасындагы тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тегерек столдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасында саясаттагы аялдарга карата зомбулукту изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланды. Мындан тышкары, аялдарга карата зомбулукту изилдөө жана ага каршы күрөшүү боюнча эл аралык тажрыйба боюнча пикир алмашуу болду.

Өз кезегинде, Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин төрагасынын орун басары Шарапаткан Мажитова бүгүнкү иш-чара Бүткүл дүйнөлүк аялдарга карата зомбулукту жоюу боюнча 16 күндүк кампаниянын алкагында өтүп жаткандыгын баса белгилеп, иш-чаранын актуалдуулугуна токтолду.

«Саясий чечимдерди кабыл алууда аялдардын катышуусу дагы эле чектелген жана эл аралык эталондон төмөн бойдон калып жатат десем баарыңыздар макул болсоңуздар керек. Бул маселени чечүү үчүн Жогорку Кеңеш жана Президенттин администрациясы, эл аралык уюмдар өз деңгээлинде иш алып барып жатышат жана бизидин милдетибиз мындан ары да баарыбыз биргеликте аялдардын өлкөнүн жашоосундагы бардык позицияда укуктарын коргоо, саясатта ордун табууга шарт түзүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз деген ниетимди айткым келет», — деди Мажитова.

Ошондой эле конференцияга онлайн режиминде катышкан ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Демократиялык башкаруу жана гендердик бөлүмүнүн башчысы (Варшава) Юлия Нетесова ЕККУ аймагындагы өлкөлөрдүн тажрыйбасына токтолуп, уюм бир нече жылдан бери Жогорку Кеңештин өнөктөшү болуп келе жатканын жана аны менен биргеликте парламенттин техникалык, институционалдык жана эксперттик-аналитикалык потенциалын ар түрдүү тармактарда өнүктүрүүгө, анын ичинде гендердик теңчиликти камсыздоого, бардык аялдардын жана кыздардын укуктарын кеңейтүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырып жатканын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын саясаттагы аялдарга карата зомбулук: изилдөөнүн жыйынтыктары «Социалдык технологиялар агенттиги» уюму тарабынан Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) тарабынан каржыланган «Парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо шайлоо процесстеринин инклюзивдүүлүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты