Кыргызстанда атомдук электр станция курууну тездетүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов Кыргызстанда атомдук электр станцияс (АЭС) курууга даярдыкты мүмкүн болушунча тезирээк баштоого чакырды.

“Биздин келечегибиз атомдук электр станциясы, эртеби-кечпи буга келебиз. Энергетикалык коопсуздук, көз карандысыздыкка, экономикалык өнүгүүгө жетебиз десек, азыртан баштап жумуш жүргүзө башташыбыз керек”  деди депутат.

Ал коңшу мамлекеттерди мисал келтирип, Казакстанда 2027-жылы АЭС куруларын, Өзбекстанда курулуп жатканын айтты.

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков депутаттын пикирин колдоп, Кыргызстанда атомдук электр станциясын куруу багытында иштер жүрүп жатканын билдирди.

Сүрөттө: Улан Примов. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты