Кыргызстанда аскерге чакыруунун жазгы мөөнөтү башталды

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров кечээ, 24-февралда жарандарды милдеттүү жана альтернативдүү түрдө аскердик кызмат өтөөгө чакыруу жөнүндө жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, аскерге чакыруунун жазгы мөөнөтү 2023-жылдын март, апрель, май айларында жүрөт. Жашы 18ге толгон, аскерге жарамдуу эркек балдар өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө милдеттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакырылат.

Президент өзүнүн жарлыгында ошондой эле Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө жана башка аскердик түзүмдөрдө милдеттүү жана альтернативдүү түрдө аскердик кызмат мөөнөтүн өтөп бүткөн жоокерлерди запаска бошотууну боюнча буйрук кылды.

Кыргызстанда бир жолку милдеттүү түрдө армияга кызмат өтөөгө чакыруу күзүндө жана жазында жүрөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты