Кыргызстанда аптаптуу ысык 28-июлга чейин созулат
- 2 года мурун
Кыргызстанда кургак гана аномалдуу ысык аба ырайы 28-июлга чейин созулат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Күндүн табы Чүй өрөөнүндө 36-41, Талас өрөөнүндө 34-39, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 37-42, тоо этектеринде 34-39, Суусамыр өрөөнүндө 27-32, Ысык-Көл ойдуңунда 29-34, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 31-36, тоолуу райондордо 24-29, бийик тоолордо 14-19 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн.
ӨКМ ысык аба ырайынан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөнү сунуштайт.
Муну бөлүшүү