Кыргызстанда адам сатууга каршы үч жылдык программа бекитилди

  • 2 года мурун

Кыргызстанда адам сатууга каршы күрөшүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Аталган документте мамлекеттик органдар менен коомдук жана эл аралык уюмдардын кызматташуусун координациялоо аркылуу адам сатуунун курмандыгы болгондорго жардам көрсөтүү ыкмаларын жогорулатуу каралган.

Анда адам сатуунун алдын алуу, бөгөт коюу, аларга жардам көрсөтүү жана коргоо максатында адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоого багытталган мамлекеттик саясаттын негиздерин укуктук регламенттештирүү бар.

Мындан сырткары адам сатуунун алдын алуу, адам сатуу фактысына тиешеси барларды кылмыш жообуна тартуу, мындай окуялардын курмандыктарын коргоо жана жардам көрсөтүү сыяктуу критерийлер каралган.

Жыл сайын миңдеген кыргызстандык жумуш издеп чет өлкөгө кетет. Алардын арасында алданып, жумуштан да, акчадан да жок, адам сатуу, кулчулукка кабылгандары бар экенин укук коргоочулар айтып келет.

Былтыр мыйзамсыз миграцияга байланыштуу Кыргызстанда 290дой факт катталганын 31-мартта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) өкүлү Улукбек Балагазыев билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты