“Кыргызстанда 7 миң 756 сомго бир үй-бүлө бир ай жашаса болот”. Текшеребиз
- 9 месяцев мурун
- Фактчекинг
Инстаграмдагы birge.ru_01 аттуу баракча “Кыргызстанда 7 756 сомго бир үй-бүлө бир ай жашаса болот” деген билдирүүнү жарыялады. Маалыматтын булагы катары Улуттук статистика комитети көрсөтүлгөн.
Бул маалыматты “ПолитКлиника” медиасы текшерип көрдү.
Жашоо минимуму адам башына эсептелет
Улуттук статистика комитети 10-октябрда 2023-жылдын үчүнчү кварталына карата Кыргызстандагы жашоо минимумунун көлөмүн жарыялаган. Ага ылайык, кыргызстандык бир кишинин жан сактай турган минималдык каражаты 7 миң 756 сомду түзгөн.
- эмгекке курактагы калктын жашоо минимуму — 8 миң 888 сом;
- пенсия курагындагылардыкы — 6 миң 878 сом;
- балдардыкы — 6 миң 598 сом.
Жашоо минимумунун өлчөмү былтыркы жылга салыштырмалуу көбөйдү.
2022-жылдын үчүнчү кварталында жашоо минимуму 7 миң 242 сомду түзгөн. Быйылкы жылдын үчүнчү кварталына салыштырмалуу көрсөткүч 514 сомго көбөйгөн. Ал эми 2023-жылдын биринчи кварталында жашоо минимуму 7 миң 501 сом болсо, экинчи кварталда 7 миң 677 сом болду. Жашоо минимум бир кварталда 79 сомго көбөйгөн.
Жашоо минимумун аныктоодо эмнелер эсептелет?
Жашоо минимуму деген адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч.
— нан азыктары;
— картошка;
— жашылчалар;
— мөмө-жемиштер жана жер-жемиштер;
— сүт жана сүт азыктары;
— эт;
— балык;
— жумуртка;
— кант;
— өсүмдүк майы;
— йоддолгон туз;
— чай;
— кызмат көрсөтүүлөр;
— салыктар.
Жыйынтык: Инстаграмдагы birge.ru_01 аттуу баракча Улуттук статистика комитетине таянып, “Кыргызстанда 7 756 сомго бир үй-бүлө бир ай жашаса болот” деп жарыялаган маалымат чындыкка дал келбейт. Улуттук статистика комитети жашоо минимуму боюнча жарыялаган маалымат адам башына эсептелген.