Кыргызстанда 300дөн ашык айылда таза суу системасы такыр жок

  • 2 года мурун

Кыргызстандагы 1873 айылдын 346сында таза суу тутуму такыр жок, 476сында эскилиги жеткен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитеттин жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттинин директорунун орун басары Жолдошбек Абдыраев билдирди.

“2000-2014-жылдары Азия өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк тарабынан 111 млн евро суммасында инвестиция тартылып, 545 айылдын калкы таза суу менен камсыз болгон. Бүгүнкү күндө 1 миң 873 айылдын 346сында суу тутумдары такыр жок жана 476 айылда суу тутумдары 1950-1970-жылдары курулуп, колдонууга жараксыз абалга келгени аныкталган. Жыйынтыгында 822 айылда суу тутумдарын куруу керектиги такталган”, — деди Абдыраев.

Ал кыргыз бийлиги 2026-жылга чейин айылдардын толук таза суу менен камсыздоо программасы кабыл алынганын белгиледи.

Анын айтымында, учурда 558 млн доллар өлчөмүндө инвестициялар тартылып, 280 айыл, 20 шаарда курулуш иштери жүгүзүүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты