Кыргызстанда 24.04.24 өзгөчө датасында 317 түгөй баш кошту

  • 1 неделя мурун

Кыргызстанда 24.04.24 өзгөчө датасында 317 түгөй баш кошту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Бакыт өргөөсүндө 73 түгөй никенисин расмий каттатса, Ош шаарынын Бакыт өргөөсүндө 15 жуп баш кошту.

«Никени мамлекеттик каттоо калкты каттоо бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт. Салтанаттуу аземдер Бишкек жана Ош шаарларындагы Бакыт өргөөлөрүндө өткөрүлөт. Кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы өтүүчү жерге жараша өзгөрөт. Керектүү документтерге өздүгүн тастыктоочу документтер жана биргелешкен арыз кирет. Мамлекеттик каттоо арыз берилгенден кийин бир айдан кийин жүргүзүлөт. Документтерди санариптик форматта «Түндүк» тиркемеси аркылуу көрсөтсө болот», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты