Кыргызстанда 2026-жылга чейин бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысын төлөө концепциясы кабыл алынды
- 2 года мурун
2026-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасын өркүндөтүү концепциясы бекитилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.
Аталган документ президенттин “Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Муну эске алуу менен Министрлер кабинети 2026-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасын өркүндөтүү Концепциясын бекитүү чечимин кабыл алды.
Белгилесек, өлкөнүн экономикалык активдүү калкынын 13 пайыздан ашыгы бюджеттик сектордо иштейт жана бюджеттик сектордун кызматкерлеринин акчалай кирешесинин негизги булагы эмгек акы болуп саналат.