Кыргызстанда 2026–2027-окуу жылына окуу пландары бекитилди
- 3 месяца мурун
- Жаңылыктар
Агартуу министрлиги 2026–2027-окуу жылына карата 11 жылдык мектептик билим берүү жана 12 жылдык окуу мөөнөтүнө этап-этабы менен өтүүчү класстар үчүн базистик окуу пландарын бекитти.
Ага ылайык, өлкөдө 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн экинчи этабы улантылып, 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстарда окуу процесси жаңыланган программалар жана окуу-методикалык комплекстер менен жүргүзүлөт. Ошондой эле 8-класстар үчүн жумасына 2 сааттык профилге чейинки компонент киргизилет.
Ал эми 11 жылдык билим берүү системасы боюнча окуусун уланткан 3, 4, 9, 10 жана 11-класстарда окуу процесси тиешелүү окуу программаларынын негизинде өтөт. «Чет тили» предмети боюнча (3–9-класстар) мурдагы окуу-методикалык комплекстер колдонулат.
Жаңы окуу жылы 2026-жылдын 15-сентябрында башталып, 2027-жылдын 25-майында аяктайт. Окуу жылынын узактыгы 1-класста 32 жума, 2-класста 33 жума, ал эми 3–11-класстарда 34 жуманы түзөт.
Мектеп окуучулары үчүн каникулдар төмөнкүдөй белгиленди: күзгү — 11–15-ноябрь (5 күн), кышкы — 1–10-январь (10 күн), жазгы — 3–8-март (6 күн) жана май айындагы майрамдык — 1–9-май (9 күн).
Мындан тышкары, 1-класстын окуучулары үчүн каникулдар эки жумага, 2-класстын окуучулары үчүн бир жумага узартылат. Кошумча эс алуу мөөнөттөрү аймактык шарттарга жараша жергиликтүү билим берүү органдары тарабынан аныкталат.
Сүрөт: Интернет булактарынан




