Кыргызстанда 20 жаңы мектеп пайдаланууга берилди
- 6 дней мурун
Кечээ, 6-октябрда республика боюнча 20 жаңы билим берүү объектиси пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Жаңы мектептерде окуучулар үчүн заманбап шарттар түзүлгөн. Аларда ысык жана муздак суу, жаңы эмеректер, эргономикалык парталар, спорт залдары, лабораториялык жана компьютердик класстар, медициналык кабинеттер каралган. Айрым мектептер лифттер жана күн панелдери менен да жабдылган.
Маалыматка ылайык, жыл аягына чейин республика боюнча 100гө жакын социалдык объектти пайдаланууга берүү пландалууда.
Муну бөлүшүү




