Кыргызстанда 17-июнда эс алуу күнү болот

  • 4 месяца мурун

Кыргызстанда 17-июнда эс алуу күнү болот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйыл Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ай календары боюнча аныкталган “Курман айт” күнүн расмий түрдө 16-июнь дем алыш (жекшемби) деп жарыялаган.
Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, дем алыш күнүнө жана жумуш эмес майрам күнүнө туш келип калганда дем алыш күн майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат.

Демек, дүйшөмбү, 17-июнь, беш күндүк жана алты күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын мамлекеттик бюджеттен каржыланган кызматкерлери үчүн дем алыш күн болуп саналат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты