Кыргызстанда 1-сентябрдан тарта этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополия киргизилет

  • 2 года мурун

Кыргызстанда 1-сентябрдан тарта этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополия киргизилет. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жарлыкка ылайык, этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатуу чөйрөсүндө натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу, этил спиртин контрабандалык ташып келүүгө жана контрафакттык продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланууга бөгөт коюу, республикалык бюджетке салыктык төлөмдөрдүн толук түшүүсүн камсыз кылуу, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарды сактоо, калктын саламаттыгын коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренел ерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополия киргизилсин.
2. «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасына этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана импорттолгон этил спиртин сатууга эксклюзивдүү укук берилсин.
Этил спиртин колдонгон чарба жүргүзүүчү субъекттер эки жумалык мөөнөттө «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасына этил спиртин берүүгө жана сатууга кол онуудагы контракттарды макулдашуу үчүн берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары — Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик) түзүлсүн.
4. Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин негизги милдети этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга мамлеке тик монополияны жүзөгө ашыруу, этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо болуп саналат деп белгиленсин.
5. Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттикке төмөнкү функциялар жүктөлсүн:
— этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
— этил спиртин, ал коголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүүнү, жүгүртүүнү, импорттоону жана экспорттоону лицензиялоо;
— этил спиртинин жана алкоголдук продукциянын импортун квоталоо;
— этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүүгө, жүгүртүүгө, алардын сапатына жана коопсуздугуна мамлекеттик контролду уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
— этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүү, жүгүртүү, импорттоо жана экспорттоо жаатында мамлекеттик эсепке алууну жана отчеттуулукту уюшту уу жана жүзөгө ашыруу;
— этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана лицензиялык талаптарда жана техникалык регламенттерде каралган шарттардын сакталышын контролдоо;
— этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүүнү жана/же жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу чарбакер субъекттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте текшерүүлөрдү жүргүзүү;
— этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган п родукцияны өндүрүү, сактоо, жылдыруу жана сатуу чөйрөсүндө керектөөчүлөрдүн жана ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуучу чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу.
6. Президенттин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
— 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
«– Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекетт к агенттик».
7. Министрлер кабинети бир айлык мөөнөттө:
— Министрлер кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону бекитсин;
— Жогорку Кеңештин кароосуна «Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга мамлекеттик монополия жөнүндө» мыйзамдын долбоорун киргизсин;
— ушул жарлыктан келип чыгуучу уюш туруучулук, финансылык жана башка маселелерди белгиленген тартипте чечсин, ошондой эле мурда кабыл алынган чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты