Кыргызстанда 1-класска 93 миңден ашуун бала кабыл алынды. Каттоо уланууда
- 1 год мурун
2023-жылдын 10-апрелинен 29-июнуна карата мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 93 миң 472 бала кабыл алынды. Анын ичинен 2 миң 106 бала жеңилдик менен кабыл алынган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Белгилей кетсек, 26-июнда мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы башталган.
II этапта жашаган дарегине карабай 26-июндан 31-августка чейин каттоого турууга болот.
Муну бөлүшүү