Кыргызстан жыл сайын 6 млн көчөт отургузууну пландоодо

  • 3 месяца мурун

Кыргызстандын делегациясы 9-майда Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында өткөн токойлор боюнча форумга катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Министрликтин маалыматына караганда, «Үчтүк планетардык кризистин токой чечимдери: адамдарга, илимге, технологияларга жана финансыга көңүл буруу» аталышындагы 19-сессиянын жогорку деңгээлдеги Сегментинде делегация башчысы, тышкы иштер министринин орун басары Асеин Исаев сөз сүйлөп, дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн Кыргызстандын тоолуу токойлорунун аярлуулугуна бурду. 

Исаев 2023-жылы Кыргызстанда ишке кирген “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясы тууралуу маалымат берип, анын алкагында республика боюнча 8 миллиондон ашык көчөт отургузулганын белгиледи. Ал аталган долбоордун алкагында жыл сайын 6 миллион көчөт отургузуу пландалып жатканын кошумчалады. 

Кыргыз тарап БУУнун токойлор боюнча стратегиялык планынын 2017-2030-жылдарга карата глобалдык максаттарын жана 2023-2027-жылдарга карата тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгын ишке ашырууга мүмкүн болгон салым катары тоо жана токой экосистемаларын, алардын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча аракеттерди бириктирүүгө чакырды”, — деп жазылат министрликтин маалыматында. 

Мындан тышкары, Асеин Исаев БУУнун Башкы катчысынын климат маселелери боюнча атайын кеңешчиси Селвин Харт менен жолугуп, «Тоолор жана климат» жаңы глобалдык диалогун бекитүү жөнүндө Кыргызстандын демилгеси тууралуу маалымат бергени айтылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты