Кыргызстан улуу Жеңишке чоң салым кошкон. Президенттин куттуктоосу

  • 1 год мурун

Бүгүн, 9-май -Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү. Улуу Жеңишке 78 жыл толду. Бул күнү президент Садыр Жапаров согуштун ардагерлерин, оорук эмгекчилерин, мекендештерди Жеңиш күнү менен куттуктады.

Куттуктоодо мындай деп айтылат:

-Кыргызстан Улуу Жеңишке жетүүгө чынында чоң салым кошкон: оорук эмгекчилери майданды ок-дары, азык-түлүк, кийим-кече, ал эми коргоо ɵндүрүшүн стратегиялык чийки зат менен үзгүлтүксүз камсыздап турган, ал эми Фрунзе жɵɵ аскерлер окуу жайы болсо офицердик кадрларды даярдаган.

Улуу Ата Мекендик согуштагы кыргызстандык жоокер уул-кыздардын эрдиктери татыктуу бааланды. Фашисттик баскынчылар менен болгон кандуу кагылыштарда тайманбастыгы, баатырдыгы үчүн жүз элүү миңден ашуун командирлер жана жоокерлер орден-медалдар менен сыйланган, жыйырма бир кыргызстандыкка «Даңк» орденинин толук кавалери, ал эми жетимиштен ашуун биздин жараныбызга эң жогорку Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Чолпонбай Түлөбердиев, Исмайылбек Таранчиев, Калыйнур Үсөнбеков жана башка баатырлардын эрдиги эч качан унутулбайт! 

Кадырлуу калайык-калкым!  Улуу Жеңишти камсыздоодогу жүз миңдеген жердештерибиздин эрдиктери, ооруктагы эмгекчилерибиздин каармандыктары Мекенге жан-дили менен кызмат кылуунун бийик үлгүсү болуп түбɵлүк кала берет!

Кантсе дагы Улуу Жеңиш бизге орду толгус жоготуулар менен келди. Аталарыбыз, чоң аталарыбыз өз өмүрлөрүн берип, бизге тынчтык жана бейкутчулук тартуулашты. Алардын теңдешсиз эмгектери бизди Ата Мекенди көздүн карегиндей сактоого милдеттендирет!

Улуу Жеңиштин сабактары Ата Журтубуздун алдында ар бирибиздин чоң жоопкерчилигибиз жөнүндө ар дайым эскертип турат. Ошондуктан, биримдигибизди чыңдап, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдеп турушубуз абзел.

Аталарыбыз, агаларыбыз кан күйгөн согушта бир гана нерсе үчүн – биздин бейпил турмушубуз, ачык асманыбыз үчүн жан беришкенин эгерим эсибизден чыгарбайлы! Көкүрөгүнө орден-медалдарды тагынган ар бир ардагер жөн эле согуштун катышуучусу эмес, ал – бизге жашоо бактысын тартуулаган чыныгы баатыр!

Урматтуу ардагерлер жана оорук эмгекчилери, сиздерге башыбызды ийип, таазим кылабыз!

Сиздер менен ар дайым сыймыктанабыз.

Сүрөттө: «Өлбөс полк» жүрүшүнөн. Архивдик сүрөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты