Кыргызстан Улуу Британияга ичүүчү сууну экспорттоого кызыкдар

  • 2 года мурун

Кыргызстандан Улуу Британияга ичүүчү суу экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Улуу Британияга болгон жумушчу сапарынын алкагында БУУ жана Шериктештиктин Түштүк жана Борбор Азия маселеси боюнча мамлекеттик министри, лорд Тарик Ахмад менен жолуккан учурда билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Кыргызстандын ичүүчү таза сууну экспорттоодогу потенциалы жана аны Улуу Британиянын рыногуна жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилеген.

Британ өкмөтүнүн өкүлү бул сунуштарды карап, ишке ашырууну колдоого даярдыгын билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты