Кыргызстан товарларын Орусияга жеткирүү үчүн өзбек поездинин кызматын колдонууну каалайт

  • 3 года мурун

Кыргызстан өзбек айыл чарба өнүмдөрүн Орусияга ылдам жеткирүүгө жол ачкан «Агроэкспресс» поезддеринин мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланууну каалайт.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик администрациянын башчысы Акылбек Жапаров орусиялык “Коммерсантъ” басылмасына маегинде билдирди.

“Өзбекстан азыркы учурда Орусияга агропоезддерди жүргүзүү мүмкүндүгүн карап жатат. Биз да ал жакка өз вагондорубузду чиркөөнү каалайбыз” деди Жапаров.

«Агроэкспресс» поезди Ташкенттен Москваны көздөй ноябрдын ортосунан баштап каттай турганы айтылган. Казакстан да бул долбоорго кошулган. Алгачкы поезд менен мөмө-жемиштер жеткирилет. Айыл чарба өнүмдөрү алгач Казакстан андан соң Орусияга жөнөтүлөт.

Ушул тапта «Агроэкспресс» Москвадан Ташкентке буудай, ун жана эт азыктарын ташып келүүдө.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты