Кыргызстан Шахмат боюнча эл аралык турнирде алтын жана коло медалга ээ болду

  • 6 месяцев мурун

Кыргызстан Шахмат боюнча эл аралык турнирде алтын жана коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Элдияр Орозбаев менен Асылбек Абдыжапар «15-й Мемориалы М.Никитина» аталыштагы шахмат боюнча эл аралык турнирде алтын жана коло алып келишти.

Турнир 2024-жылдын 27-февралынан 4-февралына чейин Павлодар шаарында (Казакстан) шахмат боюнча СССРдин биринчи спорт чебери Юрий Михайлович Никитиндин жаркын элесине арналган.

Турнирдин “А” бөлүгүнө Россия, Казакстан, Кыргызстандын эл аралык чеберлери жана FIDEнин желеги астында ат салышкан оюнчулар катышты.

Кыргызстандын атынан эркектер арасында республиканын чемпиондору — эл аралык мастер Абдыжапар Асылбек жана FIDE мастери Орозбаев Элдияр катышты.
11 турдун жыйынтыгы менен Орозбаев Элдияр 1-орунду ээлесе, Абдыжапар Асылбек турнирде коло байге алды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты