Кыргызстан — Сауд Арабиясы: Алгачкы  аба каттамын жүргүзүү чечими кабыл алынды

  • 1 год мурун

Сауд Арабиясынын “Flynas” авиакомпаниясынын жетекчилиги Сауд Арабиясы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда үзгүлтүксүз түз аба каттамдарды аткаруу боюнча чечим кабыл алышты.

Ага ылайык, “Flynas” авиакомпаниясы Жидда-Ош-Жидда багыты боюнча алгачкы үзгүлтүксүз каттамдарын 2023-жылдын 21-августунан жана Жидда-Бишкек-Жидда багыты боюнча 2-сентябрынан тарта аткара баштайт.

Падыша Абдулазиз атындагы эл аралык аэропортунан каттамдар “Ош” эл аралык аэропортуна жумасына үч жолу (дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү) жана “Манас” эл аралык аэропортуна дагы үч жолу (шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү) аткарылат.

Маалымат үчүн: “Flynas” авиакомпаниясы Сауд Аравия Падышалыгында жана Жакынкы Чыгышта 70тен ашык багыттарга (ички жана эл аралык) жумасына 1500 рейси менен алдыңкы арзан баадагы авиакомпания болуп саналат.

2007-жылы ишке киргизилгенден бери “Flynas” өзүнүн каттамдарында 60 миллиондон ашык жүргүнчүнү ташыды жана алтынчы жыл катары менен дүйнөнүн эң мыкты арзан авиакомпаниясында төртүнчү жана Жакынкы Чыгышта биринчи орунду ээледи.

Flynas 8 жыл катары менен World Travel Awards сыйлыгы жана Skytrax тарабынан үч жыл катары менен Жакынкы Чыгыштын алдыңкы арзан баадагы авиакомпаниясы деп аталды, ошондой эле APEX рейтингинде эң жогорку категориясына ээ болгон.

Архикдик сүрөт. КР ТИМ

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты