Кыргызстан окуу дептерлерин өзү чыгара баштайт

  • 1 год мурун

Окуу дептерлери мындан ары Кыргызстандын өзүндө чыга баштайт. Бул тууралуу 18-июлда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев министрликтин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча отчет берип жатып билдирди.

«Мындан ары окуучулар колдонуучу окуу дептерлери Кыргызстандын өзүндө чыгат. Буга чейин окуу дептерлери Өзбекстан жана Россиядан алынып келчү. Жылына 15 млн дептерди чет жактардан ташып келчүбүз. Эми өзүбүздөн улуттук баатырлардын, атактуу инсандардын сүрөттөрү тартылган дептерлер өзүбүздөн чыга баштайт. Бул улуттук патриоттук деңгээлди жана улуттук өндүрүштү да көтөрөт”, — деди Каныбек Иманалиев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты