Кыргызстан менен Өзбекстандын демаркация комиссиясынын кезектеги жыйыны өттү

  • 3 месяца мурун

Наманган шаарында кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясынын курамындагы кыргыз-өзбек өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланды.
 
Талаа изилдөөлөрү жүргүзүлүп, анда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын делимитация сызыгын жылдыруу боюнча тапшырмалар такталды.
 
Сүйлөшүүлөр достук жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
 
Жумушчу топтордун кезектеги отуруму Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты