Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен жеринде жер титирөө катталды
- 4 месяца мурун
Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен жеринде жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-март күнү саат 10:49да Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3,4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Ош облусунун Араван районунун Мангыт, Кочубаев жана Кызыл-Коргон айылдарында 2,5 баллга (Ош шаарынан 47 чакырым батышка) чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Муну бөлүшүү