Кыргызстан менен Өзбекстан чек араны толугу менен быйыл чечүүгө ниеттенүүдө

  • 2 года мурун

Кыргызстан менен Өзбекстан жыл аягына чейин чек ара сызыгын толугу менен тактап бүтүүгө аракет кылууда.

Ал тапта Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар эки өлкө өкүлдөрү Уңгар-Тоо, Чоң-Сай жана Кемпир-Абад сыяктуу талаштуу аймактар боюнча мунаса табууга жакындаганын айтып чыкты.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жолугушуусу 9-августта Чолпон-Ата шаарында башталды. Мындай маалыматты Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев «Азаттыкка» ырастаган. Анын айтымында, 17-августка чейин уланчу жолугушууда эки тарап буга чейин тактала элек аймактар боюнча сүйлөшүү өткөрүүдө.

Бөрүбаев Өзбекстан менен чек араны жыл аягына чейин толугу менен чечүүгө аракет көрүлүп жатканын ачыкка чыгарды.

«Эки өлкө ортосундагы чек аранын 1170 чакырымы такталып, келишимге кирген. Калган аймактарды чечүү боюнча жолугушуу болот. Өзбекстан менен чек араны быйыл тактап бүтөлү деп аракет кылып жатабыз».

Бөрүбаев айтып жаткан Өзбекстан менен тактала элек аймактар чек аранын 5% жакынын түзөт.

Эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы же 85 пайызы толугу чечилип, документтештирилген. Андан бери дагы 10% ашыгы ооз эки такталганы кабарланган, бирок расмий келишимге кол коюла элек.

Азыркы тапта тактала элек участокторду адистер эң оор жана талаштуу аймактар катары сыпатташат. Алардын катарында Кемпир-Абад суу сактагычы, Уңгар-Тоо, Чоң-Сай сыяктуу аймактар бар.

Жогорку Кеңештеги «Элдик» депутаттык тобунун төрагасы Акылбек Түмөнбаев бул тилкелер боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрү мунаса табууга жакын калганын айтууда. Анын «Азаттыкка» билдиришинче, өткөн айда президент Садыр Жапаров баштаган аткаруу бийлигинин өкүлдөрү парламенттеги фракция лидерлери менен жолугуп, кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери боюнча маалымат берген.

«Жолугушууда бизге түшүндүрүп беришти. Алардын айтымында, 16 602 гектар жер биздин өлкөгө берилет деп сүйлөшүлүп жатыптыр. Алардын арасында Уңгар-Тоо баштаган дагы үч аймак бар экен. Президент болсо өзбек президенти Мирзиёев менен келиштик деди. Менин оюмча, 16 602 гектар жер бизге өткөнү жатса, кыргыз мамлекети үчүн чоң ийгилик да. Уңгар-Тоонун маселеси кандай эле? Андан сырткары Гавасайды (Чоң-Сай) алабыз деп айтышты. Буга кошумча Кемпир-Абад боюнча да орток пикир табылыптыр. Буга чейин суу сактагыч 900 метрге суу көтөрүлсө, аны 700 метрге түшүрүүнү сүйлөшүп жатабыз деген маалымат беришти».

Депутат эки өлкө жетекчилиги мунасага жакындап калганы үчүн жыл аягына чейин чек ара толугу менен чечилет деген үмүтүн билдирүүдө. Негизи кыргыз бийлиги чек араны чечүүгө жакындаганын биринчи жолу айтып жаткан жок.

2021-жылы март айында президент Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапарында өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен чек арадагы негизги маселелерди үч айлык мөөнөттө чечүүнү макулдашкан.

Эки өлкө ортосунда жогорудагы талаштуу аймактардан сырткары бири-биринин аймагында калып калган анклав жана экславдардын маселеси да бар. Кыргызстандын аймагында Өзбекстандын Сох, Чоң Кара-Калча, Шахимардан, Таш-Дөбө деген төрт анклавы бар. Ал эми Кыргызстандын Өзбекстандын аймагында Барак экславы болгон.

Буга чейин Барак эксклавынын ордуна Өзбекстандын Анжиян облусуна караштуу Бирлешкен айылынан жерге айырбаштоо сүйлөшүлгөн.

Бирок ушул аптада Барак айылында жашаган айрым тургундар бул жараянды документтештирүү кечигип жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Азырынча Кыргызстандын жана Өзбекстандын расмий органдары соңку чек ара сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча так маалымат тарата элек.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жакынкы мезгилде өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке мамлекеттик сапар менен менен келерин билдирген. Ал сапардын күн тартиби айтыла элек. Бирок эки өлкөнүн мамилесинде чек ара маселелери өзгөчө орунду ээлерин эске алганда адистер бул жаатта сүйлөшүүлөр болорун болжолдошот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты