Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги отуруму өттү

  • 1 год мурун

Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-11-июнь күндөрү Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Кийинки жолугушуу Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты