Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Турак жайды каржылоо” боюнча макулдашуу ратификацияланды

  • 12 месяцев мурун

Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Турак жайды каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо аркылуу мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Кредиттик макулдашууда “Менин үйүм 2021–2026” турак жай программасынын катышуучулары болуп саналган жарандар үчүн турак жай куруу үчүн 100 миллион доллар өлчөмүндөгү финансылык каражаттарды тартуу каралган.

Сауд өнүктүрүү фондунун каржылоосун алуучу катары Кыргыз Республикасынын атынан Финансы министрлиги чыгат, аткаруучу агенттик катары Экономика жана коммерция министрлиги чыгат, ал эми “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому (мындан ары – “МИК” ААК) долбоорду ишке ашыруучу агенттик катары болот.

“МИК” ААК тартылган финансылык каражаттардын оператору болуп саналат, жер участоктору менен камсыз кылат жана “Менин үйүм 2021–2026” турак жай программасынын алкагында Кыргызстандын жарандарына кийин сатып алуу менен ижарага берүү үчүн жеткиликтүү турак жайдын курулушун каржылайт.

Ошол эле учурда ижаралык турак жай алуучулар ай сайын ижараны төлөө жана турак жайды сатып алуу боюнча төлөөлөрдү жүргүзөт. Зайымчылардан алынган каражаттарды “МИК” ААК Сауд өнүктүрүү фондунун кредитин төлөөгө жумшайт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты