Кыргызстан менен Орусиянын коргоо министрлери жолукту

  • 2 года мурун

Кыргызстандын жана Орусиянын коргоо министрлери Бактыбек Бекболотов менен Сергей Шойгу Москва шаарында жолукту. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги Телеграм-каналында жазды.

Жолугушууда Шойгу эки өлкө ортосундагы аскердик кызматташтыкты өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки программасы туруктуу жана негиздүү аткарылып жатканын айткан.

Мындан тышкары ал Бекболотовго Москвада өтүп жаткан аскердик мелдештерге жана коопсуздук боюнча конференцияга катышканы үчүн ыраазычылыгын билдирген.

Кыргызстандын Коргоо министрлиги министр Бактыбек Бекболотов 15-16-августта Москвада өткөн эл аралык коопсуздук боюнча X конференцияга катышканын маалымдаган. Маалымата конференцияга Кыргызстандан башка дагы кайсы мамлекеттер катышканы тууралуу айтылган эмес.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты