Масадыков Иран президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү менен жолукту

  • 2 года мурун

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү Таалатбек Масадыков Ирандын президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Хасан Каземи Куми менен Бишкекте жолукту. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Иран делегациясы менен жолугушууга Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (КР ТИМ) Төртүнчү саясий департаментинин директору Авазбек Атаханов жана ТИМдин Ооганстан боюнча атайын өкүлү, Өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи Авазбек Абдуразаков катышты.

Жолугушууда Ооганстандагы соңку кырдаал талкууланып, регионалдык чакырыктар боюнча пикир алмашуу болду. Тараптар чөлкөмдөгү туруктуулук жана коопсуздукту сактоо зарылдыгын белгилешти.

Каземи Куминин Кыргызстанга сапары анын Борбордук Азия өлкөлөрүнө болгон регионалдык турнесинин алкагында өтүп жатат. Буга чейин ал жумушчу сапары менен Тажикстанда жана Өзбекстанда болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты