Кыргызстан менен БАЭ уставдык капиталы 100 млн долларлык биргелешкен холдинг түзөт

  • 1 год мурун

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) уставдык капиталы 100 млн долларлык биргешкен холдинг компания түзөт.

Бул тууралуу макулдашууну ратификациялоо каралган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 9-февралдагы жыйынында талкууланып, үч окууда калыл алынды.

Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев биргелешкен холдинг компаниясынын уставдык капиталы 100 млн АКШ долларын түзөрүн белгиледи.

Анын айтымында, холдинг долбоорлорду нөлдөн баштап каржылоо, токтоп турган ишканаларды активдештирүү, иштеп жаткан ишканаларды колдоо, насыя берүү аркылуу коммерциялык бизнес долбоорлоруна инвестиция салуу багытында иш алып барат.

Холдингдин директорлор кеңеши 5 мүчөдөн турат, үчөө Эмират тараптан, экөө Кыргызстан тараптан. Компаниянын кеңсеси Бишкек шаарында жайгашат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты