Кыргызстан менен Армениянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногонуна 30 жыл толду

  • 2 года мурун

Кыргызстан менен Армениянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногонуна 30 жыл толду. Буга байланыштуу Армениянын президенти Ваагн Хачатурян менен премьер-министри Никол Пашинян Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго куттуктоо жолдошту. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

«Кызматташтыктын келечектүү багыттарын биргелешип издөө, ошондой эле белгиленген пландарды жана долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу эки тараптуу да, көп тараптуу форматта да кызматташуунун потенциалын олуттуу түрдө бекемдейт деп ишенем. Кыргыз-армян мамлекеттер аралык мамилелери үчүн бул маанилүү күнү чын дилимден чың ден соолук жана бардык ийгиликтерди, ал эми дос кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», — деп айтылат Ваагн Хачатуряндын куттуктоосунда.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян куттуктоосунда акыркы отуз жылда Армения менен Кыргызстан бардык багыттарда өз ара пайдалуу кызматташууда олуттуу тажрыйба топтогондугун белгиледи.

«Эл аралык бирикмелердин алкагында конструктивдүү өз ара аракеттенүү түзүлдү, жакында экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-армян өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи отуруму болуп өттү. Биздин элдерибиздин ортосундагы достук жана өз ара урматтоо мамилелери, ошондой эле жигердүү мамлекеттер аралык диалог жана натыйжалуу кызматташуу Армения менен Кыргызстандын элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу күн тартибин ырааттуу бекемдөөгө жана кеңейтүүгө мындан ары да көмөктөшөт деп ишенем,»- деп айтылат билдирүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты