Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттойт

  • 1 год мурун

Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттойт. Тиешелүү меморандумга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Шинжаң-Уйгур автоном районунун башчысы Ма Синжуйдун жолугушуусунда кол коюлду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, аталган жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы 500 кВ электр өткөргүч линиясын жана чакан ГЭСтерди куруу жөнүндөгү меморандумдарга дагы кол коюлду.

Мындан тышкары Шинжаң автономиялуу району менен ишкерлер кеңешин, Шинжаң менен Ысык-Көл облусу ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү келишимдерине кол коюлуп, Шинжаң медициналык университетинин экинчи ооруканасы менен саламаттык жаатында кызматташтык тууралуу макулдашылды.

Кечээ, 30-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытай Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин саясий бюро мүчөсү Ма Синжуйду кабыл алган. Кытайдын өкүлү Бишкекке жумушчу сапары менен келген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты