Кыргызстан Кытайдан күйүүчү май ала баштады

  • 3 месяца мурун

Кытай Кыргызстандын бийлиги менен жетишилген келишимдердин негизинде күйүүчү-майлоочу майдын биринчи партиясын жөнөткөнүн энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди. Бул тууралуу ал 21-июлда өткөн маалымат жыйынында айтты.

Учурда жөнөтүлгөн жүктүн логистикасы уюштурулуп жатат. Кытайдан Кыргызстанга жүк негизинен автотранспорт аркылуу жеткирилгендиктен, жеткирүү бир аз убакытты талап кылары белгиленди. Күйүүчү май өткөн жумада жөнөтүлгөн.

Рысбеков ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдарга жүктү тоскоолдуксуз өткөрүү боюнча тапшырмалар берилгенин кошумчалады.

Министр Кытай тарап жалпы канча көлөмдө күйүүчү май берери жана биринчи партиянын көлөмү тууралуу так маалымат берген жок.

Мындан тышкары, ал Беларусь өлкөсүнөн күйүүчү май алып келүү иштери жүрүп жатканын, ошондой эле

Орусия аркылуу транзит маселеси чечилгенин билдирди. Өзбекстан жана Казакстан тараптан да оң жооптор алынганы айтылды.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты