Кыргызстан кытай ишканасы менен Орто-Токой суу сактагычында чакан ГЭС куруу боюнча келишим түздү

  • 2 года мурун

13-январда Кыргызстан «China National Heavy Machinery Corporation» компаниясы менен Орто-Токой суу сактагычында чакан ГЭС куруу тууралуу келишим түздү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд жана «China National Heavy Machinery Corporation» компаниясынын ортосунда тузүлгөн кызматташтык жөнүндө меморандумда Орто-Токой суу сактагычында кубаттуулугу 21 Мвт болгон чакан ГЭС куруу каралган.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев кол коюлган документ калкты электр энегиясы менен камсыз кылууда жана өлкөдөгү энергетикага болгон тартыштыкты жоюга багытталган негизги кадамдардын бири экенин баса белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты