Кыргызстан казак элине гумжардам жөнөттү

  • 4 месяца мурун

6-апрелде Кыргызстан суу каптоодон жабыр тарткан казак элине гуманитардык жардам жөнөттү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, түнкү саат 4:00дө ӨКМдин гумжардам кербенин министр Бообек Ажикеев Бишкек шаарынан узатты.

Казакстанга жалпы 300 тонна гумжардам даярдалган.

Суу каптоодон жабыр тарткан Казакстандын калкына күрүч, кумшекер, кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр буюмдары, матрац жана чатырлар жеткирилет.

Белгилей кетсек, Казакстандагы суу каптоодон улам 16 миңдей адам, анын ичинен 6 миң бала эвакуацияланган. Убактылуу пункттарында 4 миңден ашуун жаран, 200дөй бала жайгашкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты