Кыргызстан Катарга эт жана бал азыктарын экспорттойт
- 1 год мурун
Кыргызстан Катарга эт жана бал азыктарын жеткирет. Тиешелүү келишимге Доха шаарында өткөн төрт күндүк AgriteQ-2023 көргөзмөсүнүн жыйынтыгында кол коюлганын Инвестиция боюнча улуттук агенттиктен кабарлашты.
Агенттиктин маалыматына караганда, Катардын ритейл жана дистрибьютердик тармактарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандан 35 тонна эт, бал, тамак-аш жана кайра иштетилген продукцияны экспорттоо пландалууда.
Муну бөлүшүү