Кыргызстан күйүүчү май маселеси боюнча жаңы жеткирүү булактарын караштырууда
- 3 месяца мурун
- Жаңылыктар
23-июлда Бишкекте Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу май маселесине арналган кезектеги жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалды.
Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн ички рыногун мунай заттары менен камсыздоо маселеси каралды. Анда күйүүчү-майлоочу май рыногундагы учурдагы абал, мунай заттарын импорттоо, зарыл болгон запастарды түзүү, тарифтерди жөнгө салуу жана мамлекеттик субсидия берүү боюнча иштер талкууланды. Тиешелүү мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жетекчилери маалымат беришти.
Жыйындын жыйынтыгында Министрлер кабинетинин төрагасы өлкөнү күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздоо, рыноктогу абалга туруктуу мониторинг жүргүзүү жана мунайды кайра иштетүүчү заводдорду модернизациялоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Ошондой эле акыркы учурда Орусиядан күйүүчү май жеткирүү толук камсыз болбой жаткандыгына байланыштуу Кыргызстан башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Маалыматка ылайык, Кытайдан күйүүчү майдын биринчи партиясы Бишкекке жөнөтүлгөн, Беларустан жеткирүү иштери уланууда.
Мындан тышкары, Өзбекстан жана Казакстан тараптан да оң жооп алынганы айтылган.
Белгилей кетсек, 18-июлда Кыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы кескин өсүп, 98 сомдон 109,9 сомго чейин жогорулаган. Буга чейин аталган күйүүчү май түрү социалдык маанилүү товарлардын тизмесинен чыгарылган.
Сүрөт: gov.kg




