Кыргызстан хоккей боюнча IV дивизиондогу дүйнө чемпиону болду

  • 2 года мурун

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы хоккей боюнча IV дивизиондогу дүйнө чемпионатында жеңүүчү болду.

Кечээ, 8-мартта борбор калаадагы «Бишкек-Арена» спорт комплексинде Дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Акыркы турда Кыргызстан Кувейт командасын 14:0 эсебинде жеңип, аталган дивизиондун чемпиону болду. Буга чейин кыргыз хоккейчилери Иранды 13:1, Малайзияны 22:1 жана Сингапурду 15:0 эсебинде жеңген.

Чемпионаттын жыйынтыгы менен Кыргызстан хоккей боюнча III дивизиондогу дүйнө чемпионатына жолдомо алды. 2-орунду Иран, 3-орунду Сингапур командасы ээледи. Спортчуларга сыйлык тапшыруу аземинен кийин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын хоккейчилери менен жолугуп, аларды жеңиши менен куттуктады.

Чемпионат 3-мартта Бишкектеги шаардык муз майданда башталган. Ага беш команда: Кувейт, Малайзия, Сингапур, Иран жана Кыргызстандын командалары катышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты