Кыргызстан «Газпром» менен 2040-жылга чейин жаңы келишим түздү

  • 2 месяца мурун

7-июнда Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен «Газпром» ишканасынын төрагасы Алексей Миллер жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын калкын газ менен камсыз кылуу жаатында кызматташуу маселелери талкууланып, узак мөөнөттүү эки келишимге кол коюлду.

Алардын биринчиси — «Газпром Экспорт» жоопкерчилиги чектелген коому менен «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коому 2025-2040-жылдар аралыгында Кыргызстанга газ жеткирүү боюнча келишим түздү.

Экинчиси — «Газпром Кыргызстан» ЖЧК менен «Электр станциялары» ААК жана «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы ортосундагы калкты жаратылыш газы менен камсыз кылуу боюнча узак мөөнөттүү келишим.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты