Кыргызстан Гаагада жалпы суммасы 50 миллион доллар доо боюнча арбитраждык процессти жеңип алды

  • 10 месяцев мурун

Кыргызстан Гаага шаарында жалпы суммасы 50 миллион доллар доо боюнча арбитраждык процессти жеңип алды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанга каршы арбитраждык териштирүү ЮНСИТРАЛдын арбитраждык регламентине (2010) ылайык казакстандык компания тарабынан демилгеленген. Доогер тарабынан Таш-Көмүр шаарында комплекстүү ферросплавдар заводун куруу боюнча ишке ашырылбаган долбоордун алкагында Кыргызстан тарабынан инвестициялардын экспроприациялангандыгына жана инвестицияларды коргоо жөнүндө эл аралык макулдашуулардын, “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” мыйзамдын жоболорунун бузулгандыгына байланыштуу 50 миллион доллар өлчөмдө компенсацияны төлөө боюнча талаптар коюлган.

«2021-2023-жылдарда тараптар арбитраждык трибуналга талаш-тартыштын маңызы боюнча аргументтер менен тиешелүү жазуу жүзүндөгү позицияларды жана материалдарды берген. Финалдык угуу 2023-жылдын апрелинде Нидерландиянын Гаага шаарында болгон.

28-сентябрда трибуналдын курамы (3 арбитрден турган) бир добуштан арбитраждык чечимди чыгарган, анда бул талашты кароого анын компетенциясынын болгондугун тааныган, ошондой эле доогердин доо талаптары каралууга тийиш деп тааныган.

Арбитрлердин курамы тарабынан Кыргыз Республикасынын доогер билдирген зыяндарга алып келген өз милдеттенмелерин бузгандыгы аныкталган эмес. Арбитраждык трибунал бир добуштан доогердин Кыргызстанга карата кандайдыр бир зыянды компенсациялоо талабын толугу менен четке кагуу жөнүндө токтомун чыгарган. Мындан тышкары доогерге бардык чыгымдарды — Арбитрлердин курамынын гонорарларын жана Туруктуу арбитраждык соттун (Hague Permanent Court of Arbitration) административдик чыгымдарын төлөө жүктөлгөн», — деп жазылат маалыматта.  

Угуулар Гаага шаарында өткөн, бирок арбитраждык процесстин юрисдикциялык жери Улуу Британиянын Лондон шаары болуп саналат жана 1996-жылдагы Арбитраж жөнүндө англис мыйзамынын жоболоруна ылайык финалдык арбитраждык чечимге карата Арбитраж жөнүндө англис мыйзамынын 68-бөлүмүндө белгиленген негиздердин  чегинде чечим чыгарылган датадан тартып 28 күндүн ичинде даттанууга болот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты