Кыргызстан электр энергиясын керектөөнүн тарыхый максимумуна жетти

  • 2 года мурун

Кыргызстан бир суткада 70 миллион кВт саат электр жарыгын керектеп, электр энергиясын керектөөнүн тарыхый максимумуна жетти. Бул тууралуу “Улуттук энергетикалык холдингдин» башкармалыгынын төрагасы Таалайбек Байгазиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, былтыр ушул эле убакытта электр жарыгынын суткалык керектөөсү 55 млн кВт саат болсо, быйыл 15 млн кВт саатка көп болду.

“Кечки маалда электр энергиянын керектөөсүнүн максимуму 3 миң 350 мегаватт саат болууда. 2021-жылы 3 миң мегаваттан ашкан эмес эле. Кыш өткөн жылга салыштырмалуу суук болууда. Бирок биздин системабыз жайкы мезгилде даярдыктан өткөн. Алгачкы суук түшкөндө мүчүлүштүктөр болду: Токтогул ГЭСиндеги агрегаттардын ишке кириши. Бүгүнкү күндө ГЭСтин экинчи жана үчүнчү агрегаты ишке кирип, мурунку кубаттуулугу 300 мегаватт болсо, азыр 374 мегаваттка чыкты”, — деди Байгазиев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты