Кыргызстан делегациясы Австрияда тоо маселеси боюнча жыйынга катышты
- 2 недели мурун
5–6-июлда Австриянын Обергургль шаарында тоо күн тартибиндеги актуалдуу маселелерге арналган 2026-жылдагы Аймактык тоо конференциясы (Regional Mountain Conference 2026) өттү.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды
Анда тоо экосистемаларын сактоо, тоолуу аймактардагы фермердик чарбаларды көбөйтүү, тоолуу аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, ошондой эле туруктуу туризмди өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.
Конференция Инсбрук университети тарабынан уюштурулган. Ага Австрия, Италия, Германия, Швейцария, Польша, Словакия, Грузия, Улуу Британия жана башка өлкөлөрдөн экономика, экология жана климат боюнча изилдөөлөр тармагындагы 100дөн ашуун окумуштуу жана эксперт катышууда.
Кыргызстандын делегациясын президенттин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу маселелери боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова жетектөөдө.
Ал Кыргыз Республикасынын негизги демилгелери тууралуу маалымат берди.
Динара Кемелова мөңгүлөрдүн эриши, табигый кырсыктардын көбөйүшү жана климаттын өзгөрүшүнүн тоо экосистемаларына тийгизген терс таасири сыяктуу тоолуу өлкөлөр туш болуп жаткан чакырыктар окшош экенин белгилеп, эл аралык илимий коомчулук 2027-жылдын 21-23-октябрында Бишкекте өтө турган “Бишкек+25” Экинчи Глобалдык тоо саммитине активдүү катышып, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча илимий негизделген чечимдерди иштеп чыгууга салым кошот деген ишенимин билдирди.
Конференциянын ачылыш аземинде Австриядагы элчи Нуржан Шайлдабекова да сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу айтып берип, кыргыз-австриялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун келечегин белгиледи.
Конференциянын алкагында Кыргызстандын делегациясы Инсбрук университетинин өкүлдөрү менен тоо тематикасы боюнча илимий-билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча эки тараптуу консультацияларды өткөрдү.

Сүрөттөр: president.kg




