Кыргызстан Дүйнөдөгү басма сөз эркиндигинин индексинде 7 баскычка көтөрүлдү

  • 2 года мурун

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун “Дүйнөдөгү басма сөз эркиндигинин индекси-2022” аттуу баяндамасында Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен жети баскычка алдыга жылып, 72-орунду ээледи.

Уюм 2022-жылдын индексин баалоо ыкмасы өзгөргөнүн, жаңы беш көрсөткүч — саясий контекст, укуктук база, экономикалык контекст, социалдык-маданий контекст жана коопсуздук пайда болгонун белгиледи.

Методология өзгөргөнүнө байланыштуу 2021 менен 2022-жылдагы позицияны жана баллдарды салыштырууда этият болуу сунушталган.

Өткөн айда Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы тууралуу билдирүү жасады. Анда акыркы айларда кыргыз бийлиги журналисттерге, эркин медиага карата куугунтукту күчөткөнү айтылат.

Буга Next TV телеканалы, Kaktus.media сайты жана иликтөөчү журналист Болот Темиров менен аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровдун айланасындагы окуялар, кылмыш иштеринин козголушу, камакка алуу, тинтүү учурлары мисал келтирилген.

Андан тышкары Жалал-Абад облустук телерадио компаниясынын (ЖТР) мурдагы жетекчиси Куттумидин Базаркулов 2021-жылдын ноябрь айынан бери камакта жатат. Аны Улуттук коопсуздук комитети “Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айыптоодо. Бийликти ачуу сындап келген Базаркулов өзүнүн камалышын кесиптик ишмердиги менен байланыштырып, муну сөз эркиндигине кысым катары баалаган.

«Чек арасыз кабарчылар» уюмунун изилдөөсүндө “сөз эркиндиги өтө оор абалга келген” өлкөлөрдүн саны өскөн. Мурдагы СССРден тараган өлкөлөрдөн Түркмөнстанда (177), Азербайжанда (154), Беларуста (153) жана Тажикстанда (152) кырдаал оор экени көрсөтүлгөн. Орусиянын беш баскыч артка кетиши өлкө тарыхындагы эң жаман көрсөткүч болду.

Кыргызстан 2020-жылы 82, былтыр 79-орунда болчу.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты