Кыргызстан БУУнун Украинада тынчтык орнотуу боюнча резолюциясына добуш берүүдөн карманды

  • 1 год мурун

Кечээ, 23-февралда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Орусияны аскерлерин Украинадан чыгарып кетүүгө чакырган резолюция кабыл алды. Аны уюмга мүчө өлкөлөрдүн 141и колдоп берди.

Орусиянын өзүнөн сырткары алты мамлекет «каршы» добуш берген. ЖККУ, ЕАЭБ уюмундагы өнөктөштөрүнөн Минск гана Москваны колдоп, каршы добуш берди.

Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан баштаган 32 өлкө добуш берүүдөн карманды.

Кыргызстан БУУнун Украинада тынчтык орнотуу боюнча резолюциясына добуш берүүдөн карманды

Орусиянын Украинага толук масштабдуу аскердик чабуул менен киргенине бүгүн, 24-февралда туура бир жыл болду. Орус күчтөрү негизги аскердик жана жарандык инфраструктурага абадан сокку уруп, аэродромдорду, аскер бөлүктөрүн, мунай кампаларын, май куюучу жайларды, чиркөөлөрдү, мектептерди жана ооруканаларды талкалап жатат. Артиллериядан, ракеталык системалардан жана баллистикалык ракеталардан турак жайларды аткылашууда.

Бир катар Батыш өлкөлөрү, анын ичинде АКШ жана Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды күчөтүп, Москванын Украинадагы баскынчылыгын кескин айыптап келатат.

Орусия Украинага каршы агрессивдүү согуш жүргүзүп жатканын четке кагып, аны “демилитаризациялоо жана денацификация” максатын көздөгөн “атайын операция” деп атайт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты