Кыргызстан БУУнун суу ресурстары боюнча конференциясында билдирүү жасады

  • 1 год мурун

23-мартта Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев БУУнун 2023-жылдагы суу ресурстары боюнча конференциясынын жалпы дебатында билдирүү жасады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта Сокеев өз сөзүндө Кыргызстан суу ресурстарына жана аларды натыйжалуу пайдаланууга, социалдык, экономикалык жана экологиялык максаттарга жетүү үчүн суу ресурстарын интеграцияланган башкаруу принциптерин киргизүүгө өзгөчө маани берерин белгилегени айтылат.

Делегат өлкөнүн жетекчилиги мыйзамдарды, анын ичинде Суу кодексин жаңылоо процессин баштаганын жана 2023-жылдын февралында суу ресурстары чөйрөсүндө негиз болуучу программалык документ, Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки Улуттук суу стратегиясы кабыл алганын маалымдаган.

Мындан тышкары ал азыркы учурда Кыргызстан ирригациялык жана энергетикалык инфраструктураны реабилитациялоо жана реконструкциялоо боюнча иштерди жүргүзүп жатканын маалымдап, муну менен бирге суунун экономикалык баалуулугун, сууну топтоо, сактоо, башкаруу жана жеткирүү чыгымдары ошого жараша төлөнүшү керектигин белгилеген.

Алмазбек Сокеев Кыргызстан жогорку өлкө катары Борбор Азияда суу-энергетикалык ресурстарды комплекстүү пайдалануу боюнча өз ара пайдалуу компенсациялык механизмди түзүүнү сунуш кыларын жана илгерилетерин кошумчалаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты