Кыргызстан аркылуу жасалма Шенген визасын сатуу боюнча эл аралык канал аныкталды

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чет элдик жарандарды туристтер деген атка жамынып, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу Батыш Европа өлкөлөрүнө мыйзамсыз ташуу боюнча эл аралык каналдын уюштуруучуларынын иш-аракеттерине бөгөт койду.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

30-майда козголгон кылмыш иштин алкагында жасалма Шенген визасынын негизинде Кыргызстан аркылуу Европага транзит уюштуруп жүргөн негизги уюштуруучулар аныкталды. Мыйзамсыз миграция каналынын уюштуруучуларынын аракеттеринен жабыр тарткан 40тан ашык чет элдик жаран такталды.

Азыркы учурда мыйзамсыз иш-аракеттердин эпизоддору жана жасалма документтерди даярдоого, сатууга тиешеси бар адамдар аныкталууда.

Кыргызстан аркылуу жасалма Шенген визасын сатуу боюнча эл аралык канал аныкталды
Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты