Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга маңзат алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

  • 4 месяца мурун

Ноокен районунун Бобуй айылында Өзбекстанга маңзат алып өтүүгө аракет кылган эки киши кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызстан аркылуу Тажикстандан Өзбекстанга маңзат ташуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Кармалгандар 2,4 килограмм «ооган чарсын» Өзбекстанга алып өтүүгө аракет кылышкан» деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

УКМК бул маңзат каналын уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: mvd.ru

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты