«Кыргызсериал» мамлекеттик мекемеси түзүлдү

  • 2 года мурун

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин алдындагы «Кыргызсериал» чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Мындай чечим Министрлер кабинетинин 9-августтагы жыйынында кабыл алынганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта бул чечим президенттин 2022-жылдын 20-майындагы № 159 “Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык, улуттук киноискусствону андан ары өнүктүрүү жана улуттук кинематографияны сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүү, кинематографияны мамлекеттик колдоо системасын өркүндөтүү максатында кабыл алынганы айтылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты